Биз социалдык тармакта

Бишкекте почта аркылуу Таиланддан баңгизат ташуу каналы аныкталды (видео)

Бишкек шаарында почта аркылуу Таиланддан баңгизаттарды ташуу каналы аныкталды. Бул тууралуу 21-апрелде Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Кыргыз почтасы" эл аралык почта алмашуу борборунда бажылык көзөмөл учурунда Таиланддан келген шектүү жүк аныкталган. Анда бүктөлмө отургучтун ичинен өсүмдүк тектүү зат (гашиш) табылган. Алынган баңгизаттын жалпы салмагы болжол менен 700 граммды түзгөн.
Буга байланыштуу аталган жүктү алуу учурунда эки жаран кармалды. Учурда бардык тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан