Биз социалдык тармакта

Баткендик ишкер жарактан чыккан учакка жаңы өмүр берди 

Баткендик ишкер "Манас" эл аралык аэропорту уюштурган аукциондо сатып алган учагын оңдоп-түзөөдөн өткөрдү. Бул тууралуу ишкер социалдык тармактагы баракчасында кабарлаган.

Андагы маалыматка караганда, учак "Ак балык" аталышындагы эс алуучу жайына орнотулган.

"Учактын оңдоо иштери толук бүттү. Эртең, 22-апрелде ачылышы болот. Баарыңыздарды күтөбүз",- деген ишкер.

Белгилей кетсек, ишкер аталган учакты аукциондон эскилиги жетип, жарактан чыгып калган абалда сатып алган. Учак экиге бөлүнүп, оор жүк ташуучу трал менен Баткен шаарына жеткирилген. Аны оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, жергиликтүү тургундар жана коноктор үчүн көргөзмө объект катары пайдаланарын айткан.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Амир
2026-04-21 16:11:00
Азамат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан