Бүгүн, 21-апрелде президент Садыр Жапаров бир катар өлкөлөрдүн элчилеринен Ишеним грамоталарын кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Ишеним грамоталарын Доминикан элчиси Алехандро Ариас Сарсуэла, Албаниянын элчиси Блерта Кадзадеж, Индонезиянын элчиси Сити Рухайни Жухятин, Сомалинин элчиси Фатхудин Али Мохамед жана Палестинанын элчиси доктор Уайл Ахмед Батрехи тапшырышты.
Өз кезегинде мамлекет башчы: “Акыркы жылдары Кыргыз Республикасы экономиканы өнүктүрүү, элдин социалдык абалын чыңдоо, инвестициялык климатты жакшыртуу, эл аралык кызматташтыкты бекемдөө жана тынчтыкты жайылтуу сыяктуу маанилүү багыттарда реформаларды ийгиликтүү ишке ашырууда. Өзгөчө экономика жаатында мамлекетибиз масштабдуу трансформацияны баштан өткөрүүдө”,- деп билдирди.
Президент Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2027-2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин койгонун жана азыркы тапта үчүнчү өлкөлөрдүн колдоосу абдан маанилүү экенин эске салды.
“Кыргыз Республикасы дүйнө жүзүнө ачык, бардык өлкөлөр менен тең укуктуу кызматташууга, зарыл болсо өз тажрыйбасы менен бөлүшүүгө жана инвестиция, коопсуздук, соода-экономика, илим, технология багыттарында өз ара пайдалуу кызматташтыкты жүргүзүүгө даяр”,- деп белгиледи өлкө башчысы .
Буга улай элчилер өз өлкөлөрүнүн лидерлеринин саламын айтышып жана эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн күч-аракет жумшоого даяр экендигин билдиришти.