Сузакта башталгыч класстын окуучуларына сабак учурунда кол көтөргөн мугалим 15-апрелде жумуштан алынды. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик билдирди.
Маалым болгондой, окуя Благовещенка айылында №22 мектепте 25-мартта орун алган. Тасма эми гана интернет желесине тарай баштады.
Окуучуларды сабады делген мугалимдин билим берүү жаатында 25 жылдык тажрыйбасы бар экени маалым болду.
Эскерте кетсек, буга чейин Жалал-Абад ОИИБ окуя 8-апрелде болгонун билдирип, териштирүү иштери башталганын кошумчалаган.