Биз социалдык тармакта

Кеминдеги ГЭС курулушунда экологиялык мыйзам бузуу аныкталып 16 миллион сом доо коюлду

Чүй облусунун Кемин районунда ГЭС куруу учурунда экологиялык мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу 21-апрелде Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда "Энергия Будущего" ЖЧКсынын курчап турган чөйрөнү коргоо мыйзамдарынын талаптарын бузуу фактылары, анын ичинде курулуш иштерин жүргүзүүдө экологиялык ченемдердин сакталбагандыгы аныкталган.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча акт түзүлүп, аныкталган кемчиликтерди жоюу үчүн так мөөнөттөрү белгиленген эскертүү берилди. Келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында 16 миллион 353 миң 792 сом өлчөмүндө доо арыз коюлду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан