Биз социалдык тармакта

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Астана шаарына келди

Президент Садыр Жапаров 21-апрелде иш сапары менен Казакстан Республикасына келди. Бул тууралуу президенттик алминистрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда мамлекет башчысынын учагы Астана шаарынын эл аралык аэропортуна конду.

Президентти Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов тосуп алды. Аэропортто расмий тосуп алуу аземи уюштурулуп, катышуучу өлкөлөрдүн мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, Ардак кароол тизилди.

Иш сапардын алкагында президент Регионалдык экологиялык саммиттин пленардык жыйынында сөз сүйлөйт, чет элдик делегациялардын башчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт, жашыл жана туруктуу технологиялар боюнча эл аралык көргөзмөгө барат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан