Биз социалдык тармакта

Ак-Ордо-3 конушундагы көчүрүү боюнча милиция түшүндүрмө берди

Социалдык тармактарда тараган Ак-Ордо-3 конушундагы көчүрүү боюнча видеого байланыштуу расмий түшүндүрмө берилди.

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул иш-аракеттер Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун чечиминин негизинде жүргүзүлгөн. Аталган чечим 2025-жылдын 4-мартында мыйзамдуу күчүнө кирген.

Ага ылайык, көрсөтүлгөн даректе мыйзамсыз курулган турак жайды бузуу боюнча аткаруу өндүрүшү башталган. Мындай иштерди аткаруу, башкача айтканда, жарандарды көчүрүү жана имараттарды бузуу сот аткаруучулардын ыйгарым укугуна кирет.

Ички иштер органдары бул процесске түздөн-түз катышпайт. Ички иштер министрлигине караштуу кызматкерлер окуя болгон жерде коомдук тартипти сактоо жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн гана тартылган.

Маалыматка ылайык, бардык иш-чаралар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан