Биз социалдык тармакта

Чүйдө жаңы мектеп: Прогресс айылында 275 орундуу билим берүү мекемеси курулууда

Чүй облусуна караштуу Прогресс айылында 275 орунга ылайыкталган жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Долбоор Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.

Аталган министрликтен билдиришкендей, жаңы мектеп заманбап талаптарга жооп берип, окуу корпусу жана спорт залы менен биргеликте курулууда. Анда окуучулар жана мугалимдер үчүн бардык керектүү шарттарды түзүү каралган.

Белгиленгендей, бул билим берүү объектиси аймактагы мектептердин жетишсиздигин азайтып, окуучуларга сапаттуу билим алууга мүмкүнчүлүк түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан