Бүгүн, 21-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев Вена шаарында өтүп жаткан Адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча альянстын 26-конференциясына катышуунун алкагында Австриянын Улуттук кеңешинин төрагасы Вальтер Розенкранц менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тараптар Кыргыз Республикасы менен Австрия Республикасынын ортосундагы парламент аралык кызматташтыкты өркүндөтүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулады. Парламенттик дипломатиянын алкагында өз ара аракеттешүүнү бекемдөөгө, өз ара иш сапарлар практикасын кеңейтүүгө, ошондой эле парламенттик топтор ортосундагы байланышты өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Мындан тышкары соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык маселелери да козголду. Аны менен катар, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуу, ошондой эле эки өлкөнүн эл аралык жана көп тараптуу платформалардагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.
Эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү чыңдоонун негизи катары гуманитардык жана маданияттар аралык диалогдун маанилүүлүгү да баса белгиленди.