Биз социалдык тармакта

Эльвира Сурабалдиева БУУнун өкүлү менен жолугушту

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрайымы Эльвира Сурабалдиева Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тараптар Кыргызстан менен БУУнун кызматташуусун, Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууну жана келечектеги биргелешкен долбоорлорду талкуулашты. Ошондой эле климаттык милдеттенмелер, гендердик теңчилик жана парламенттин потенциалын күчөтүү маселелери көтөрүлдү.

Жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары да тереңдетүүгө даяр экенин билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан