Биз социалдык тармакта

Кытайдан ири көлөмдө прекурсор ташып келүүгө шектүү кармалды

Бишкекке Кытайдан психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз ташып келип, аларды интернет-дүкөн аркылуу сатуу, ошондой эле синтетикалык баңгизаттарды даярдоо үчүн колдонуп жүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.

Маалым болгондой, милициянын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына жогорудагы маалымат келип түшкөн. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 284-беренеси (Прекурсорлорду мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголду.

Натыйжада 1990-жылы туулган А.Э. аттуу жаран кармалып, анын жанынан жалпы салмагы 69,9 килограммды түзгөн синтетикалык баңгизаттарды даярдоодо колдонулуучу прекурсорлор табылды.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп, мүмкүн болгон шериктерин жана сатуу каналдарын аныктоо иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан