Бишкекте мас айдоочу унаасы менен кайгуул кызматкерлеринен качып, атайын багыттагы аскерлердин жардамы менен кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, рейддин жүрүшүндө Subaru үлгүсүндөгү унааны токтотууга аракет жасалган. Бирок айдоочу мыйзамдуу талапка баш ийбей, качууга аракет кылган. Андан ары тротуар менен из жашырууну көздөп, унаасын токтотуп жөө качууга аракет кылып, бирок ою ишке ашпай калды.
Текшерүү учурунда айдоочу спирт ичимдигин ичкени, баңгизат колдонгону аныкталды.
Унаа айып короого токтотулуп, айдоочуга карата тиешелүү протоколдор түзүлдү. Материалдар сотко жөнөтүлүп, аны айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуу маселеси каралат.