Өзбекстандык белгилүү ырчы Шахзода тун уулу Салихти үйлөп, кайнене болду. Ырчы айым кубанычтуу жаңылыгын социалдык тармактагы баракчасынан бөлүштү.
"Сүйүү жана сыймык. Бактылуу бол",- деп жазды ырчы.
Үлпөт той Ташкенттеги тойканалардын биринде өтүп, ага Шахзоданын сахналаш достору жана башкалар келип куттукташты.