
Казакстандын Алматы шаарында "Сулайман-Тоо - дүйнөлүк мурас" аттуу көргөзмө уюштурулду. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, экспозицияда архивдик материалдар, илимий маалыматтар жана сүрөттөр коюлган.
Иш-чарага Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музейинин кызматкерлери, 20га жакын өлкөдөн келген археологдор жана тарыхчылар катышкан.
Белгилей кетсек, көргөзмө Сулайман-Тоонун тарыхый, маданий жана руханий маанисин чагылдырууга багытталган.