Биз социалдык тармакта

Ошто батирлерге уурулукка кирип жүргөн делген шектүү кармалды

Ош шаарында 28 жаштагы жаран батирлерге уурулукка кирүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу калаа милициясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, ал шаардын Достук, Манаса-Ата кичи райондорундагы 8 үйгө уурулукка кирген. Тергөөдө шектүү үй ээлеринин жоктугунан пайдаланып, бир нече баалуу буюмдарды, акчаларды уурдап кеткени аныкталган.
Ал акыркы уурулук кылган батиринен 2 алтын сөйкө, 5 шакек, 200 доллар жана 10 миң сом алып чыгып кеткен. Алтын буюмдарды өз баасынан арзан сатып жиберген. Шектүү 2 айга камакка алынды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан