
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын катышуусунда өтө турган 2027-жылкы Азия кубогунун тайпаларын аныктоо боюнча чүчүкулак тартуу аземи 9-май күнү болот. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Чүчүкулак себеттери:
1-себет: Сауд Арабиясы, Япония, Иран, Корея Республикасы, Австралия, Өзбекстан;
2-себет: Катар, Ирак, Иордания, ОАЭ, Оман, Сирия;
3-себет: Бахрейн, Таиланд, Кытай, Палестина, Вьетнам, Тажикистан;
4-себет: Кыргызстан, Ливан же Йемен, Түндүк Корея, Индонезия, Кувейт, Сингапур.
"Себеттердин курамы 2026-жылдын 1-апрелинде жарыяланган ФИФА рейтингинин көрсөткүчтөрүнүн негизинде түзүлдү. Улуттук курама команда Азия биринчилигине өз тарыхында үчүнчү ирет катышат. Жалпысынан турнирге континенттин 24 командасы катышып, чүчүкулак тартуунун жыйынтыгы боюнча 6 тайпа түзүлөт",- деп белгиленген маалыматта.
Эскерте кетсек, 2027-жылкы Азия кубогу 7-январдан 5-февралга чейин Сауд Арабиясынын Эр-Рияд, Жидда жана Эль-Хубар шаарларында өтөт.