Биз социалдык тармакта

Улукбек Карыбек уулу көк бөрүнү тартипке салуу керектигин айтты

Бүгүн, 22-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улукбек Карыбек уулу көк бөрү оюнуна эл аралык стандарттарга шайкеш келген нормаларды киргизүү керектигин айтты.

Ал улуттук спорт оюну жаңжал менен коштолгон учурлар бар экенин белгилеп, аны тартипке салуу керектигин билдирди.

"Күч түзүмдөрүнө, жалпы мамлекеттин коопсуздугуна анча-мынча көйгөй жараткан бул спортту биз жөнгө салышыбыз керек. Көк бөрүнү заман талабына ылайыкташтыруу учуру келди. Жакында көчмөндөр оюндары башталат, анан бул оюнду жапайычылыкта эмес, маданияттуу, дүйнө эли суктана турган деңгээлге алып чыгуу керек",- деди эл өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан