Биз социалдык тармакта

Депутат талкуу жараткан "Манас" университетин аралап өтчү жол тууралуу айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков Бишкек мэриясынын Кыргыз-Түрк "Манас" университетин аралап өтчү жол куруу демилгесин сынга алды. Бул тууралуу эл өкүлү парламенттин 21-апрелдеги жыйынында айтты.

Депутат калаа бийлигин мыйзамдарга көңүл буруп коюуга чакырды.

"Бул университет - эл аралык окуу жай. Анын иштөөсү Жогорку Кеңеште мыйзам аркылуу бекитилген. Ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясы өзүнүн мамлекеттик актысынын негизинде жер тилкесин бөлүп берген. Акыркы келишим 2024-жылы каралып, бекитип бергенбиз. Анда 18 берене, 18 пункттан турган келишим бар. Мында так, данаа жазылып турат. Эгерде университеттин айланасында ар кандай келишпестик болсо эки мамлекеттин ортосунда, анда дипломатиялык жол менен каралат жана чечилет деп",- деди депутат.

Жумабеков министрлер кабинетинин төрагасына кайрылып, бул маселеге көңүл буруп, келишимдерди эске алууну өтүндү.

"Ал жерде кампус деп турат. Келишимде да кампус деп өзүбүз бекитип бергенбиз. Кампус - бир шаар же аймак болуп эсептелет. Ал жерде окуган студенттер кампустун ичинде окушу керек. Жакшы шарттар түзүлүшү зарыл. Бул бүгүнкү күндө ишке ашып, иштеп турганда, Бишкек мэриясы жол чыгарабыз деп ал жерде окуган коомчулукка, ал жерде жашаган элге туура эмес маалыматтарды берип, иш жасайбыз дегени туура эмес деп ойлойм",- деди эл өкүлү.

Эскерте кетсек, аталган окуу жайдын Жалдагы кампусун аралап өткөн жол унаа кыймылы үчүн ачыла турганын мэриядан билдиришкен. Бул демилге студенттер арасында нааразычылыкты жаратып келүүдө. Алар жашыл аймак бузулуп, айлана-чөйрөгө зыян келтирилип, студенттер үчүн кооптуулук жарала тургандыгын белгилешүүдө. Көп өтпөй шаар мэри Айбек Жунушалиев университеттин жанындагы көчө боюнча талкууларга жооп берип, шаардыктарга кайрылуу жасаган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан