Биз социалдык тармакта

Бишкекте суунун тарифин жогорулатуу сунушталды

Бишкек шаарынын мэриясы "Бишкексууканал" ишканасы тарабынан көрсөтүлүүчү суу менен жабдуу жана суу чыгаруу (канализация) кызматтарына тарифтерди бекитүү жөнүндө токтом долбоорун Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна киргизди.

Ага ылайык, суунун тарифин 1 кубометрге - 15,73 сомго, суу чыгаруу үчүн - 6,80 сомго жогорулатуу каралган. Ушуну менен бирге керектөөчүлөрдүн ар кандай категориялары үчүн дифференцияланган ыкманы киргизүү, ошондой эле көп батирлүү үйлөрдүн ички тармактарын тейлөө үчүн өзүнчө тариф белгилөө сунушталууда.

Бул демилге тарифтерди учурдагы экономикалык шарттарга шайкеш келтирүү жана инфратүзүмдү модернизациялоого байланыштуу көтөрүлүүдө.

Белгилей кетсек, азыркы учурда суунун тарифи 10,45 сом, ал эми суу чыгаруу үчүн 3,45 сомду түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан