Жогорку Кеңештин депутаты Салтанат Аманова өлкөдөгү компьютердик клубдар көзөмөлгө алынышы керектигин айтты. Ал бул тууралуу бүгүн, 22-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Окуучулар мектептен чыккандан кийин үйүнө барбастан компьютердик клубдарда отурушат. Ал жер болсо суук, ар кандай оорулар жугат. Ошондуктан балдардын ден соолугуна да, тарбиясына да кароо максатында Ички иштер министрлиги менен Агартуу министрлигине тапшырмалар берилиши керек",- деди эл өкүлү.