Биз социалдык тармакта

УКМК жана ИИМдин айрым кызматкерлеринин кармалышы боюнча комментарий берилди

УКМКнын төрагасы Жумгалбек Шабданбеков укук коргоо органдарын коррупцияга аралашкан жана мыйзам бузган кызматкерлерден тазалоо боюнча системдүү иштер жүрүп жатканын билдирип, УКМК менен ИИМдин ортосунда эч кандай тирешүү жок экенин белгиледи. Анын бул билдирүүсүн атайын кызматтын маалымат борбору таратты.

Маалыматта бул иш-аракеттер президент Садыр Жапаров тарабынан коюлган тапшырмалардын алкагында жүргүзүлүп жатканы белгиленди. Ошондой эле УКМК Ички иштер министрлиги жана прокуратура органдары менен тыгыз кызматташып, укук коргоо системинде тартип орнотууга багытталган иштерди аткарып жаткандыгы кошумчаланды.

"Коррупциялык көрүнүштөргө, кызматтык ыйгарым укуктарды кыянат пайдаланууга жана мыйзамсыз аракеттерге жол берген кызматкерлер мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат. Бул аракеттер мекемелер аралык күрөш эмес, тескерисинче, системди чыңдоо жана жарандардын укук коргоо органдарына болгон ишенимин жогорулатуу",- деп белгилеген Шабданбеков.

Ошол эле учурда таза жана абийирдүү кызматкерлерди колдоп, алардын ишине шарт түзүү - мамлекеттин негизги багыттарынын бири экенин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан