Биз социалдык тармакта

"Сапатсыз азык-түлүктөр келип жатат". Депутат кыргыз сапаты деген системди киргизүүнү сунуштады

Бүгүн, 22-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков өлкөгө сапатсыз азык-түлүктөр киргизилип жатканын билдирип, кыргыз сапаты деген системди киргизүүнү сунуш кылды.

Эл өкүлүнүн айтымында, Кыргызстанга киргизилген азык-түлүктөр текшерилбегендиктен, эл сапаты начар азыктарды сатып алууда.

"Өлкөгө сапаты өтө начар азык-түлүктөр кирет. Бул элдин ден соолугуна таасир берип жатат. Ошондуктан кыргыз сапаты деген систем киргизүү керек. Мурда союз маалында азык-түлүктөр текшерилип, атайын мөөр басылат эле. Азыр дагы ошондой систем киргизилсе, эл дагы сатып алууда сапатына көңүл бурат. Азыр көрүп эле жатабыз да, сапатсыз эле азык-түлүктөр келип жатат",- деди эл өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан