Биз социалдык тармакта

46 мамлекеттик сыйлыктан 22си калды. Садыр Жапаров мыйзамга кол койду

Бүгүн, 22-апрелде президент Садыр Жапаров жогорку ардак наамдар жана сыйлыктар боюнча мыйзамга кол койду.

Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, мыйзамдын максаты жарандардын мамлекет жана коом алдында сиңирген эмгектерин моралдык жактан таанууну чагылдырган жогорку ардак наамдар системасын түзүү болуп саналат.

1) Мамлекеттик сыйлыктардын, ардак наамдардын жана мамлекеттик сый акылардын 46 түрүнөн 22син белгилөө каралды.

  • "Эрдик" ордени (даражалары жок) – биринчи категориядагы мамлекеттик сыйлыгын;
  • "Ардак" медалы – экинчи категориядагы мамлекеттик сыйлыгын;
  • "Кыргыз Республикасынын жаратманы" ардак наамын;
  • "Кыргыз Республикасынын сыймыгы" ардак наамын.

Ардак наамдар:

  • "Кыргыз Республикасынын эл мугалими";
  • "Кыргыз Республикасынын эл врачы";
  • "Кыргыз Республикасынын эл артисти";
  • "Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу";
  • "Кыргыз Республикасынын эл акыны";
  • "Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү".

Артыкчылык жана өзгөчө категориядагы:

  • "Ата Мекен Баатыры" Кыргыз Республикасынын артыкчылык даражасы – өзгөчө категориядагы мамлекеттик сыйлыгын;
  • "Данакер" ордени – биринчи категориядагы мамлекеттик сыйлыгын;
  • 3 даражадагы "Эрдик" ордени – биринчи категориядагы мамлекеттик сыйлыгын;
  • "Даңк" медалы – экинчи категориядагы мамлекеттик сыйлыгын;
  • Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы – үчүнчү категориядагы мамлекеттик сыйлыгын;
  • "Эмгек сиңирген" экинчи категориядагы ардак наамдарын.

2) Мамлекеттик сыйлыктардын, ардак наамдардын жана мамлекеттик сый акылардын укуктук статусун аныктоо;

3) Мамлекеттик сыйлыктарга, ардак наамдарга жана мамлекеттик сый акыларга сунуштоонун тартибин аныктоо;

4) Мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоонун, ардак наамдарды ыйгаруунун жана мамлекеттик сый акыларды берүүнүн тартибин аныктоо;

5) Мамлекеттик сыйлыктарга, ардак наамдарга жана мамлекеттик сый акыларга татыктуу болгон адамдардын укуктарын жана милдеттерин бекитүү;

6) Мамлекеттик сыйлыктарга, ардак наамдарга жана мамлекеттик сый акыларга татыктуу болгон адамдарга социалдык кепилдиктерди президент тарабынан белгилөө.

Эскерте кетсек, мыйзам 19-мартта Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан