
Ош шаарында алдамчылыкка шектелип 27 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу калаа милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал жарандарга өзүн инвестор катары тааныштырып, түрдүү жолдор менен алдап келген. Шектүү февраль айында шаар тургунунан адегенде 600 миң сом, кийинчерээк дагы 1 миллион сом алган. Бирок ал "акчаңды кайтарып берем" деген убадасын аткарбай качып кеткен.
Мындан тышкары, март айында аял кишинин ишенимине кирип, андан алгач 395 миң сом, кийинчерээк дагы 400 миң сом, андан соң дагы 200 миң сом алып, бирок кайтарбай кеткен. Жалпысынан жабырлануучу аял 995 миң сомго чыгым болгон.
Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.