Айыл чарба министрлиги дыйкандарды жер семирткичтер менен камсыздоону тез арада колго алышы зарыл. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов парламенттин бүгүнкү жыйынында айтты.
Айтымында, акыркы жумада дыйкандар тарабынан көп кайрылуулар түшкөн.
"Биринчиден, бүгүнкү күндө чоң жетишпестик болуп жатат. Экинчиси, баалардын эселеп өсүшү. Мурда жазгы-талаа иштерине өкмөт даярданып, атайын чечимдер кабыл алынчу эле. Азыр буга тез арада көңүл буруп, маселени чечиш керек",- деди эл өкүлү.