
"Түндүк" тиркемеси аркылуу эми унааларды онлайн режимде каттоого болот. Бул тууралуу Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталынан билдиришти.
"Мурда унааны каттоо үчүн унаанын ээсинин жеке катышуусу талап кылынчу. Эми баары жеңилирээк, жарандар "Түндүк" тиркемеси аркылуу нотариалдык күбөлүктүн негизинде арызды аралыктан тапшыра алышат",- деп айтылат маалыматта.
Бул өзгөрүү аймактык бөлүмдөргө барууларды кыскартууга жана жарандар үчүн кызматтын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жардам берет.