Биз социалдык тармакта

Депутат Чойбеков ЖОЖдордо окуу акысы кымбаттап жатканына тынчсызданды 

Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Чойбеков жогорку окуу жайлардын окуу акысы кымбаттап жатканына тынчсыздануусун билдирди.

Парламенттин 22-апрелдеги жыйынында сөз сүйлөгөн эл өкүлү жаштар менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн белгиледи.

"Студенттердин көтөргөн негизги маселеси - окуу акысы (контракт) болууда. Быйыл ЖОЖдордо бул маселе курч болуп, окуу акысы көтөрүлдү. Кийинки жылга дагы бааларды көтөрөбүз деген сунуштарды берип жатыптыр. Студенттер буга кооптоонуп жатышат. Себеби бүгүнкү күндө азык-түлүктүн баасы, батирлердин ижара акысы да кымбат болууда. Бир үй-бүлөдө 2-3төн окуган студенттер бар. Алар бир кыйла оорчулукка душар болушууда",- деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан