Биз социалдык тармакта

Чүйдө бычак менен жаракат келтирүү фактысы боюнча шектүү кармалды

Чүй облусунда бычак менен жаракат келтирүү фактысы боюнча шектүү кармалды. Бул тууралуу 22-апрелде облустун милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-мартта оозеки жаңжалдын натыйжасында Д.В. аттуу жаран С.А. аттуу жарандын көкүрөк бөлүгүнө бычак менен сайып жиберген. Жабырлануучу алган жаратынан улам Токмок шаарынын ооруканасынын реанимация бөлүмүнө жаткырылган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесине (Ден соолукка оор залал келтирүү) ылайык кылмыш иши козголгон.

Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө 1976-жылы туулган Д.В. аттуу шектүү кармалган. Учурда тергөө иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан