Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Чойбеков айыл жерлериндеги жаштарга чет өлкөлөрдөгү жогорку окуу жайларда бөлүнгөн квоталар тууралуу маалымат жетпей жатканын айтты.
"Чет мамлекеттерде билим алууга бюджеттик негизде бөлүнгөн квоталар тууралуу маалымат айылдардагы жаштарга жетпей жатат. Кабарланбай, маалымат жок болуп жатат дешүүдө",- деди эл өкүлү.
Парламенттин жыйынында Чойбеков президенттин жана өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Бектур Зулпиевге кайрылып, аталган маселени жеке көзөмөлүнө алууну суранды.