Бүгүн, 22-апрелде президент Садыр Жапаров Астана шаарында өтүп жаткан регионалдык экологиялык саммитке барды.
Президенттин басма сөз кызматы маалымдагандай, “EXPO” эл аралык көргөзмө борборунун аянтчасында Жапаровду Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алды.
Биргелешкен сүрөткө түшүүдөн кийин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстанын өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев, Грузиянын президенти Михаил Кавелашвили, Түркмөнстандын лидери Сердар Бердымухамедов, Монголиянын башчысы Ухнаагийн Хурэлсух, Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев, Тажикстандын лидери Эмомали Рахмон, ошондой эле Азербайжандын премьер-министри Али Асадов жашыл жана туруктуу технологиялардын эл аралык көргөзмөсү менен таанышышты.
"Көргөзмөдө ар бир өлкө өзүнүн улуттук павильонун сунуштады. Кыргызстандын павильонунда күн панелдерин, жер семирткичтерди, электромобилдер үчүн кубаттоочу түзмөктөрдү жана башка көптөгөн продукцияларды чыгарган ата мекендик компаниялардын товарлары коюлган",- деп белгиленген маалыматта.
Көргөзмөнү көрүп чыккан соң делегация башчылары саммиттин пленардык жыйынына катышуу үчүн конгресс-борбордун имаратына өтүштү. Саммиттин алкагында пленардык жыйындар, тематикалык эксперттик панелдер, ошондой эле жашыл технологиялардын эл аралык көргөзмөсү өткөрүлөрү кошумчаланды.