Биз социалдык тармакта

Депутат аймактагы окуу жайларды ойлондурган маселени айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Чойбеков парламенттин 22-апрелдеги жыйынында аймактардагы айрым жогорку окуу жайлардын көйгөйүн көтөрдү.

Эл өкүлү отурумда Нарын, Талас жана Баткендеги университеттерди Кыргыз улуттук университетинин курамынан чыгарууну сунуштады.

"Маалым болгондой, Баткен, Талас, Нарын университеттерин Улуттук университетке кошуп койдук. Бүгүнкү күндө аймактагы окуу жайдагы иштеп жаткан илимдин докторлору, профессорлор башка жумушка которулуп кетип жатышат. Ушуну мониторинг кылып, өз калыбына келтирүүнү сунуштайт элем. Себеби биз аймактарды өнүктүрүшүбүз керек. Аймактарды институт кылып койсок, ал жакта эч ким турбайт",- дейт депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан