Москва районунда айдоочу бир айымды сүзүп кетип, ал адам ошол жерден жан берди. Бул туурасында Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 24-январь күнү саат 07:40тар чамасында Ош облусунун 37 жаштагы тургуну Кара-Балта-Бишкек унаа жолунда 76 жаштагы айымды сүзүп кеткен. Анын кесепетинен жабырлануучу ошол жерден каза болгон. Айдоочунун айтымында, маркум жөө адамдар өтүүчү жолдон эмес, жолдун башка жеринен өтүп бара жаткан. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.