Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров Кыргызстан 2100-жылга чейин 80 пайыз мөңгүлөрүн жоготушу мүмкүн экенин билдирди

Бүгүн, 22-апрелде Астанада өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммиттин пленардык жыйынында президент Садыр Жапаров Кыргызстанда 2020-жылдан бери суу ташкындарынын саны 3 эсеге өсүп, чыгым болжол менен 16 миллион долларын түзөрүн билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Мындан тышкары, өлкө башчысы Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянты 16 пайызга кыскарганын билдирди.

"2100-жылга чейин Кыргызстан 80 пайызга чейин мөңгүлөрүн жоготушу мүмкүн. Ысык-Көл көлүнүн деңгээли акыркы он жылдыктарда дээрлик 14 метрге төмөндөдү, анткени көлгө куйган дарыялардын саны жүздөн отузга чейин кыскарды. Мөңгүлүү бийик тоолуу көлдөрдүн саны 1968-жылдан бери 30 пайызга өстү. Климаттын өзгөрүшү региондо жана дүйнөдө суу ресурстарына жана энергетикага байланыштуу көйгөйлөрдү ого бетер күчөттү",- деп белгиледи Жапаров.

Президент Кыргызстандын аймагында түзүлгөн суу ресурстарынын жалпы жылдык көлөмү болжол менен 50 миллиард куб метр деп эсептелерин кошумчалады.

“Ошону менен бирге биздин өлкө өз муктаждыктары үчүн болгону 12 млрд куб метрге жакын сууну пайдаланат, ал эми калган 38 млрд куб метр суу коңшу мамлекеттерге кетет. Биз Кыргызстанда калыптанып жаткан суу ресурстарынын Борбордук Азия өлкөлөрүнүн айыл чарбасы ана энергетикалык, азык-түлүк жана социалдык-экономикалык коопсуздугун камсыздоо үчүн чоң мааниге ээ экендигин түшүнөбүз. Муну эске алуу менен, биз ондогон жылдар бою суу бөлүштүрүүнүн мурдагы лимитин сактап, суу топтоо жана чыгаруу боюнча кызматтарды, гидротехникалык курулуштардын сакталышын жана коопсуздугун, өзгөчө кырдаалдардан коргоону камсыз кылууну улантып келе жатабыз",- деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы Кыргызстан суу ресурстарынын пайда болуу зонасын коргоо жана сактоо үчүн олуттуу каржылык жана адам ресурстарын жумшап жатканын, ошону менен бирге бул үчүн казылып алынган отун түрүндө компенсация албай жатканын кошумчалады.

“Суу чарба секторуна акыркы бир жылда 80 миллион долларына жакын каражат бөлдүк. Соңку 5 жылда бул тармакка бюджеттен 259 миллион доллары багытталган, бул өлкөнүн жылдык бюджетинин 2 пайызын түзөт. Бирок, бул каражаттар жана чаралар эскирген инфраструктураны жакшыртуу, натыйжалуу жана заманбап системди куруу үчүн жетишсиз”, - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы мамлекеттерди жана эл аралык өнөктөштөрдү 2027-жылдын 21-23-октябрында Кыргызстанда өтө турган “Бишкек+25” Глобалдык тоо саммитине активдүү катышууга чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан