Биз социалдык тармакта

Нарында мыйзамсыз курал-жарактарды сактоо фактысы аныкталды

Нарын облусунун Ат-Башы районунда мыйзамсыз курал-жарактарды сактоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Берилген маалыматка ылайык, 15-январда милицияга мыйзамсыз түрдө курал-жарак сактап жүргөн жаран тууралуу маалымат түшкөн.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен кылмыш иши козголгон.
Тинтүү жүргүзүү учурунда идентификациялык номерлери өчүрүлгөн 7,62 миллиметр калибрдеги Мосина снайпердик мылтыгы, 7,62×54R калибриндеги 34 даана ок-дары, түнкү көрүү приборлору жана оптикалык жабдуулар, ок атуучу куралдын бөлүктөрү, бычак, ошондой эле камуфляждык кийимдер табылган.
Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө мурда соттолгон 1971-жылы туулган А.Б.М. аттуу жаран кармалган. Учурда зарыл болгон тергөө иш-аракеттери жүргүзүлүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан