Жогорку Кеңештин депутаты Рахат Жунушбаева парламенттин 22-апрелдеги жыйынында жалпы республикалык тестирлөө тууралуу маселе көтөрдү.
Айтымында, кыргыз тилиндеги ЖРТнын суроолору татаал болгондуктан, бүтүрүүчүлөр жогорку упай алууда аксап жатышат.
"ЖРТ суроолору кыргыз тилинде абдан татаал берилген. Терминология кыргыз тилинде өтө оор болгондуктан, кээ бир кыргыз мектебиндеги окуучулар ЖРТны орус тилинде берүүгө мажбур болуп жатышат. Бул кыргыз мектептеринин рейтингинин төмөндөшүнө жана окуучулардын психологиялык басымга кабылышына алып келүүдө.
Статистикага кайрылсак, Алтын сертификат алгандардын 70 пайызы - тестти орус тилинде тапшырган окуучуларга, 30-35 пайызы гана кыргыз тилиндеги мектептерге туура келет экен. Ал эми жогорку упай алгандардын 60 пайызы Бишкек шаарына, калган 40 пайызы аймактарга туура келет",- деди депутат.
Эл өкүлү аймактарда ЖРТга сапаттуу даярдай турган борборлордун жоктугун, бардык бүтүрүүчүлөрдө калаага келип даярданууга мүмкүнчүлүк болбой турганын белгиледи.
"Агартуу министрлигинин алдында атайын комиссия түзүп, ЖРТнын кыргызча терминологиясын кайра карап чыгуу боюнча жана аймактарга оффлайн же онлайн ЖРТга даярдануу курстарын ачуу боюнча тапшырма берүү керек",- деди Жунушбаева.