19-апрелде, Бишкек шаарында The UIM F1H2O Promoter жана H2O Management Ltd компаниясынын башкы директору Раймондо ди Сан Джермано менен Кыргызстандын суу-мотордук спорт федерациясынын төрагасы Айбек Абылкасымовдун ортосунда расмий келишимге кол коюлду.
Бул келишим өлкө үчүн тарыхый кадам болуп, Кыргызстан биринчи жолу расмий түрдө F1H2O World Championship календарына кирет.
Чемпионатты өткөрүү өлкө үчүн маанилүү окуя болуп, олуттуу социалдык-экономикалык импульс берет. Анын ичинде Кыргызстандын эл аралык деңгээлдеги таанымалдуулугунун өсүшү, туристтик жагымдуулугунун күчөшү жана бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн ачылышы күтүлүүдө.
Мындан тышкары долбоордун алкагында А1 Холдинг чемпионатка демөөрчүлүк колдоо көрсөтүү боюнча келишимге кол коюлду.