
Бишкек шаарында фармацевтикалык продукцияларды мыйзамсыз сатууга жана сактоого бөгөт коюлду. Бул тууралуу 22-апрелде Салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө лицензиясы жана тиешелүү коштомо документтери жок дары-дармектер сатылып жаткан контейнер табылган. Андан ар түрдүү аталыштагы 7 миң 64 даана дары-дармек каражаттары жана 160 флакон этил спирти аныкталган.
Учурда чогултулган материалдар дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүлүп берилди.