Биз социалдык тармакта

Депутат Токтогулда бала бакчасы жок айылды атады

Токтогул районунун Кетмен-Төбө айыл аймагындагы Ак-Тектир айылында бала бакча жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Болотбек Борбиев парламенттин 22-апрелдеги жыйынында билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, бала бакча үчүн жер бөлүнүп, долбоордук-сметалык документтери даяр турат.

"Ак-Тектир айылында бүгүнкү күнгө чейин бала бакча жок. Ал жерде долбоордук-сметалык документтери даяр турат. Жер тилкеси да бөлүнүп берилген. Объектти келерки жылдын бюджетине кошуп берүүнү суранам",- деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан