Биз социалдык тармакта

"Бакиевдер келишсин". Жылдызкан Жолдошова президентти Ош окуясы боюнча ачык сот өткөрүүгө чакырды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдызкан Жолдошова президент Садыр Жапаровду Ош окуясы боюнча ачык элдик сот өткөрүүгө чакырды.

Ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасап, 2010-жылкы парламенттик шайлоодо "Ата-Журт" партиясынын лидерлери Ош окуясын аягына чыгаруу боюнча убада беришкендерин эске салды.

"Сиз кайсы күнү, каякта, саат канчага дейсиз, ага улуттар аралык жаңжалда жабыркагандар келишсин. Сиз өзүңүз барыңыз. Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибеков да келсин. Роза Отунбаева баш болгон убактылуу өкмөттүн 14 мүчөсү да катышсын. Мурдагы президент Курманбек Бакиев, дегиле Бакиевдердин бардыгы келишсин. Мына ошондо Ош окуясына ким күнөлүү, ким эмне себептен баштады, эмнеге кыргыз-өзбектин карапайым балдары шейит кетти деген маселелерге чекит коёлу", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан