Биз социалдык тармакта

Өзгөн райондук сотунда мушташ чыгып, 2 жаран бычакталды

Өзгөн райондук сотунун имаратынын жанында 2 жаран бычаталды. Бул тууралуу Ош облустук милициясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 22-апрелде болгон. Анда соттук отурумга катышууга келгендердин ортосунда пикир келишпестик жаралып, мушташа кетишишкен. Натыйжада, 42 жана 36 жаштагы жарандар бычактан жаракат алышып, ооруканага кайрылышкан.

Ал эми бычактоого шектелген жаран милицияга жеткирилген. Жабырлануучуларга тийиштүү экспертизалар дайындалды. Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан