Биз социалдык тармакта

Бишкекте чет элдик жаранды өлтүрүүгө шектелип 3 жигит, бир аял кармалды

Бишкекте адам өлтүрүүгө шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде шаардык милициядан билдирди.

Маалыи болгондой, 20-апрелде Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Арчалы айылынын капчыгайында зомбулук белгилери бар чет өлкөлүк жарандын денеси табылды.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду. Бул кылмышка шектүү катары Р.Ж., Ф.Ж., О.Ч. жана А.Т. аттуу жарандар кармалды.

Бүгүн, 22-апрелдеги соттун чечими менен шектүүлөр эки айга №1 тергөө абагына камалды. Учурда тергөө уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан