Биз социалдык тармакта

"Өтө керек болууда". Депутат ракты аныктоочу аппарат сатып алууга чакырды

Жогорку Кеңештин депутаты Мавлюда Калбердиева өкмөттү ПЭТ КТ (позитрон-эмиссиялык томография) ) аппаратын сатып алууга чакырды. Мындай пикирин эл өкүлү парламенттин 22-апрелдеги жыйынында билдирди.

Айтымында, бул аппарат онкологияда рактын алгачкы стадиясын аныктоо үчүн колдонулат.

"ПЭТ КТ аппараты өтө керек болууда. Бул аппарат бизде жок. Өзбекстанда, Казакстанда, Тажикстанда, Түркияда бар. Биздин бейтаптар ошол өлкөлөргө барышууда. Бул маселени кандай кылып чечип бере алабыз?

Бейтаптар ал жактарга барыш үчүн жанына дагы бир адам алып барууда. Ал жакта 800 доллардан өтүшүүдө", - деди эл өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан