Биз социалдык тармакта

Ошто айдоочулук күбөлүк берем деп алдап, 100 миң сом алган жаран кармалды

Ош шаарында айдоочулук күбөлүк алып берем деп убадалап, 100 миң сом акча каражатын алдап кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу 22-апрелде шаар милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү 29 жаштагы жарандан айдоочулук күбөлуктү алып берүүнүн убадалап, жалпысынан 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алган. Бирок убадасын аткарган эмес.

Бул факты боюнча Кылмыш-Жаза кодексинин алдамчылык (209-берене) беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө 1997-жылы туулган Ж.А. аттуу жаран кармалган. Ал мурда бир нече жолу алдамчылык иштери боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Шаар милициясы жарандардан шектүүдөн жабыркагандар болсо 0509-00-00-06, 0556-15-10-10 номерине кайрылууга чакырат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан