Биз социалдык тармакта

Жапаров Армениянын президенти менен жолугушуп, кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулады

Президент Садыр Жапаров 22-апрелде Астана шаарында Армениянын президенти Ваагн Хачатурян менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги талкууланды.

Тараптар саясий диалогду тереңдетүү, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, өндүрүш, транспорт жана логистика, ошондой эле маданий-гуманитардык тармактарда кызматташууну күчөтүүгө кызыкдар экенин билдиришти.

Мындан тышкары, соода, инвестиция, санариптештирүү жана туризм багытындагы биргелешкен долбоорлорго өзгөчө көңүл бурулду.

Жапаров армян тарапты 2026-жылы Кыргызстанда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары катышууга чакырды.

Жыйынтыгында эки өлкө достук жана өз ара ишеним негизинде кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө даяр экенин ырасташты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан