Биз социалдык тармакта

Кыргызстан менен Палестина инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулашты

Бүгүн, 22-апрелде, президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров Кыргыз Республикасындагы Палестина мамлекетинин элчиси Ваиль Ахмед Батрехи менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Палестина ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Кыргыз тарап өлкөнүн инвестициялык потенциалы тууралуу кеңири маалымат берип, инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган реформаларга токтолду. Ошондой эле инвесторлорду колдоо боюнча учурда иштеп жаткан механизмдер — салыктык жеңилдиктер, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (ГЧП) жана долбоорлорду «бирдиктүү терезе» принциби менен коштоо — тааныштырылды.

Жолугушуу эки өлкөнүн экономикалык байланышын бекемдөөгө жана жаңы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү ачууга багытталган маанилүү кадам катары бааланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан