Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Муратбеков эл аралык Конрад Аденауэр фондунун Борбор Азия боюнча өкүлчүлүгүнүн башчысы Андре Альгермиссен жетектеген делегация менен жолугушуу өткөрдү.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечектеги багыттары тууралуу пикир алышып, тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн белгилешти. Өзгөчө Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдындагы Жаштар кеңешинин алдыдагы иш пландары, жаштардын коомдук-саясий турмушка катышуусун кеңейтүү жана лидерлик жөндөмдөрүн өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Депутат Табылды Муратбеков жаштар саясатын өнүктүрүү мамлекеттик артыкчылыктуу багыт экенин белгилеп, эл аралык өнөктөштөр менен кызматташтык бул тармактагы ишти жаңы деңгээлге чыгарарын айтты. Ал эми Андре Альгермиссен Жаштар кеңешинин демилгелерин колдоого даяр экенин билдирип, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин кошумчалады.