Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров Арал фондунун жыйынында суу ресурстары жана экология маселелерин көтөрдү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-апрелде Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу менен Астана шаарында өткөн Аралды сактап калуу эл аралык фондунун (АСЭФ) негиздөөчү мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышты.

Президенттик администрациядан билдиришкендей, иш-чарага ошондой эле Шавкат Мирзиёев, Сердар Бердымухамедов жана Эмомали Рахмон да катышты.

Жыйында мамлекет башчылары саламдашуу аземинен жана биргелешип сүрөткө түшүүдөн кийин жыйын залында АСЭФ маселелерин талкуулашты.

Өз сөзүндө Садыр Жапаров аймактагы экологиялык коопсуздук мамлекеттердин өз ара кызматташтыгына, өзгөчө суу ресурстарын биргелешип башкарууга түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. Ал суу пайдалануу системасында болуп жаткан өзгөрүүлөргө токтолуп, фондду реформалоо зарылдыгын айтты.

Президент Кыргызстан дагы суу маселелерине туш болуп жатканын белгилеп, мисал катары Ысык-Көлдүн суусунун азайышын келтирди. Анын айтымында, акыркы он жылдыктарда көлдүн деңгээли олуттуу төмөндөп, ага куйган дарыялардын саны да кескин кыскарган.

Садыр Жапаров Кыргызстан суу ресурстарын бөлүштүрүү боюнча милдеттенмелерин аткарып жатканын жана гидротехникалык инфраструктураны сактоого чоң инвестиция жумшалып жатканын кошумчалады. Ошол эле учурда ал суу башындагы өлкөлөр үчүн адилеттүү компенсациялык механизмдерди киргизүү зарылдыгын көтөрдү.

Президент Кыргызстанда жылына орточо 50 куб чакырым суу ресурсу калыптанып, анын 12 куб чакырымы гана өлкө ичинде колдонуларын, ал эми калган 38 куб чакырымы кошуна мамлекеттерге агып кетерин белгиледи.

Ал ошондой эле климаттын өзгөрүшү жана Тянь-Шань менен Памир тоолорундагы мөңгүлөрдүн эриши маселесине өзгөчө көңүл буруп, бул маселени фонддун негизги багытына айландыруу керектигин айтты.

Мындан тышкары Жапаров АСЭФтин мандатын кеңейтүү, каржылоо механизмдерин өркүндөтүү жана эл аралык кызматташтыктын жаңы инструменттерин киргизүүнү сунуштады.

Жыйындын соңунда ал Кыргызстан фондго мүчө мамлекеттер менен конструктивдүү кызматташууга даяр экенин ырастап, биргелешкен аракеттер аркылуу Борбор Азияда суу ресурстарын сактоо жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу мүмкүн экенине ишеним билдирди.

Белгилей кетсек, Кыргызстан 2016-жылдан бери АСЭФ ишмердүүлүгүнө катышуусун убактылуу токтотуп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан