Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Голамхоссейн Ядегари менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Жакынкы Чыгышта болуп жаткан акыркы окуялар жана алардын Борбор Азия чөлкөмүнө тийгизиши мүмкүн болгон таасири тууралуу пикир алмашышты. Ошондой эле эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу багыттары жана аймактык коопсуздукту камсыз кылуу маселелери талкууланды.
Мындан тышкары тараптар Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында коопсуздук жаатындагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүү маселесине да токтолушту.
Адилет Орозбеков менен Голамхоссейн Ядегари ошондой эле ШКУга мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын алдыдагы 21-жолугушуусуна даярдыктарды карап чыгышты.