Биз социалдык тармакта

Кыргызстан Палестина менен кызматташтыкты жана гуманитардык маселелерди талкуулады

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Палестина мамлекетинин Кыргызстандагы элчиси Уайлл Ахмед Батрехини кабыл алды.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушууда Кыргызстан менен Палестина ортосундагы эки тараптуу мамилелер, кызматташтыкты өнүктүрүү багыттары жана саясий диалог маселелери талкууланды.

Алгач Марлен Маматалиев элчини Кыргызстандагы дипломатиялык ишин башташы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады. Ошондой эле ал Кыргызстан Палестинадагы, анын ичинде Газа тилкесиндеги кырдаалга тынчсыздануу менен көз салып жатканын белгиледи.

Төрага өз сөзүндө Газа секторундагы кагылышуулардан улам курман болгон адамдардын үй-бүлөлөрүнө жана палестин элине көңүл айтты. Ал мындай трагедиялуу окуялар эл аралык коомчулукту кайдыгер калтырбашы керек экенин белгиледи.

Маматалиев ошондой эле Кыргызстан эл аралык коомчулуктун, өзгөчө БУУ Коопсуздук кеңешинун аракеттерин колдой турганын айтып, Газа тилкесиндеги согуштук аракеттерди тез арада токтотуу, гуманитардык кризисти жөнгө салуу жана “эки элге — эки мамлекет” принциби боюнча тынчтык жолу менен чечим табуу зарылдыгын баса белгиледи.

Мындан тышкары, ал эки өлкө ортосундагы парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүү маанилүү экенин кошумчалады.

Өз кезегинде элчи Уайлл Ахмед Батрехи жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Палестинанын Улуттук кеңешинин жетекчисинин саламын жеткирди. Ал Кыргызстанга эл аралык деңгээлде көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык айтып, эки өлкөнү руханий баалуулуктар жана ишенимге негизделген мамилелер бириктирерин белгиледи.

Ошондой эле элчи Палестинадагы акыркы кырдаал боюнча кеңири маалымат берип, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан