Бүгүн, 22-апрелде Кытайдын Санья шаарында VI Азия пляждык оюндары расмий түрдө старт алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, салтанаттуу ачылыш аземи жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:00дө башталып, көркөм концерттик шоу-программа менен коштолду. Аземдин алкагында катышуучу өлкөлөрдүн делегациялары салтанаттуу параддан өтүштү. Кыргызстандын мамлекеттик туусун жеңил атлет Тимур Исаков көтөрүп чыкты.
Бул жолу оюндарга 45 өлкөдөн спортчулар катышып, 14 спорт түрү боюнча мелдештер өткөрүлөт. Кыргызстандын атынан 40 спортчу спорттун 9 түрү боюнча күч сынашат. Оюндар 30-апрелге чейин уланат.